"№21 жалпы орто билим берүү мектеби" мекемеси Бишкек шаары, Свердлов району, Энесай конушу

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ 2023

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ 2023

1-класска электрондук каттоо        //         Мектепке каттоого өтүнмө берүү

2023-2024 – окуу жылына 1-класстын балдарын электрондук каттоонун тартиби жөнүндө маалымат.

2023-2024 — окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:

  • Биринчи этап —жашаган жердин юридикалык дарек боюнча (туруктуу каттоо боюнча) 2023-жылдын  10-апрелинен (9.00) 25-июнга чейин;
  • Экинчи этап — жашаган жери боюнча (каттоого карабастан) – 2023-жылдын 26-июнунан (9.00) 31-августка чейин.

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН) болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

 2023-жылдын 10-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

— паспорт;

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

— жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН — ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ/ЦОН) кайрылуу керек.

— Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

— үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

— тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

2023-жылдын 10-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.

Ата — эне/мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

— мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

— баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

— ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

— алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

— баланын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт!