№21 орто мектеби Жалпы орто билим берүү мектеби №21

Маалыматтык – китепкана кызматы

№21 жалпы билим берүү орто мектебинин 2018-2019-окуу жылы жылындагы китепкананын бир жарым жылдык отчет-анализи.

               Бишкек шаарынын Свердлов районунун№21 орто мектебинин китепкана башчысы  Асакеева Нурзат θзгөрүшовна  2007-жылдан бери ушул мектепте эмгектенип келем.

Жалпы китепканадагы китептердин жалпы саны:

Жалпы фонд   12349

Кыргыз класстар үчүн 12349 экз

Орус класстар үчүн  1627экз

Адабий окуу фонду  1650экз

Жазылып окуган окуучулар 650

Китеп көргөзмөсү  4

 Мектептин китепканасында өткөрүлгөн иш чаралар:

2015-жыл А.Осмоновдун 100 жылдыгына арналган иш чараны окуучулар менен биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

– «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмесинин директору Алыкул сыйлыгынын лауреаты КР θкмөтүнүн «Алыкул 100» уюштуруу комитетинин мүчөсү Памирбек Казыбаев кечеге катышып,окуучуларга акын тууралуу кенен маалымат  берди.Бул иш чара мыкты деп табылып КР Маданият маалымат жана туризм министрлигинин ардак грамотасына жана ыраазычылык катын алдык.

Бул иш чарага улай эле «Алыкул үйү» музейинин ачылыш аземине окуучулар менен биргеликте катышып,окуучулар чыгармаларынан көркөм айтып беришти.

– Мектеп китепканасы 20.12.2017-жылы китепканачылардын арасында, адабият жумалыгына карата Ч.Айтматовго арналган  шаардык семинар өттү.

Жазуучуга арналган көргөзмө уюштурулуп,эскерүүлөр болду.

Ж.о.э. мектеп китепканачыларынын 1-жылдык отчету берилди,Ф №Д -10 жана суммардык китеп боюнча отчеттор берилди.

– 2018-жылдын 9-октябрында №21 муниципиалдык аймактык башкармалыгынын китепканасында «Эне-тил жана Ч.Айтматов» деген теманын үстүндө окуучулар менен биргеликте адабий музыкалык эскерүү кечеси өтүлдү.Жыйынтыгында Муниципиалдык аймактын башкармалыгынын жетекчиси М.Ж.Сатибаевадан ыраазычылык кат алдык.

– Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата  мектептин кыргыз тили мугалими Таалайбек кызы Табият менен биргеликте чоң программадагы иш чара уюштурулуп,окуучулар жазуучунун чыгармаларынан монолог,ыр саптарын жана үзүндүлөрдү аткарып беришти.

Иш чара Ч.Айтматовдун калемине таандык «Көл толкуну» аттуу ыры менен жыйынтыкталды.

 

Мектеп директору:                                          Умарова Г.Д.

Китепкана башчысы:                                     Асакеева Н.Ө.