«Бактылуу балалык» жайкы эс алуу лагеринин ачылышы
№21 ЖОББ мектебиндеги «Бактылуу балалык» жайкы эс алуу лагеринин ачылышынын сценарийи
15.06.2022-жыл
Алып баруучу :Саламатсынарбы кымбаттуу кичинекей бөбөктөр кош келипсинер! Биз силер менен жайдын эн бир сонун жагымдуу күнүндө №21 ЖОББМ уюштурулган “Бактылуу балалык” жайкы эс алуу лагеринин ачылышына чогулуп отурабыз .Жайкы эс алуунар коңүлдүү өтсүн.!!!
А: .балдар бул жайкы күндөрү жон эле келип ойноп экскурсии кете бербестен көп нерселерди үйрөнүп, эс алып ,ар кандай спорттук иш чараларга катышып, экскурсияларга барабыз .
Балдар биздин лагердин аталышы кандай?
(ХОР) «Бактылуу балалык»
Азаматсынар !!!
Анда эмесе «Бактылуу балалык» жайкы эс алуу лагеринин ачык деп жарыялайбыз.
Салам айтам ыр менен
Кутмандуу балдар лагерине
Ийилип салам айтамын
2.эжейлер –агайлар
Баарыңар аман жүрө бер
Жаш окурмандарга да
Талыкпай билим бере бер
3.Асмандагы ай сымал
Акырын басып келемин
Издөө салган калкыма
Ийилип салам беремин
Асаалому алейкум арыбаныздар!
- Каникулду өткөрүшөт бул жерден,
Алыс кетпей мектебинен кыйналбайт.
Ата-энелер байланышта болушат,
Жакын жерге тез-тез барып буйдалбай
- Ассолому алейкум
Кадырман элим аманбы
Амандык айтып жалпыга
Саламдашкан жаманбы
Бишкектен айтам саламды
Агайым тууган аманбы.
А: Кана достор, кошулгула,
Бийлегендер сабына.
Болгун бачым, карап турба
Кан кошулсун канына.
Сурнай тартып ыр ырдап,
Жердин гүлүн теребиз.
Сонун-сонун таштарды
Издеп таап келебиз.
Катар-катар тизилип,
Гимнастика ойнойбуз.
Шайырлыкка берилип
Өзөн сууну бойлойбуз.
Жүргүлө балдар, жүргүлө
Жер кыдырып көрөбүз.
Ар бир ишке машыгып,
Чыйрак болсун денебиз.
Орундатпай койбойлу
Ойлоп турган талапты.
Самаганды үйрөтөт,
Заманыбыз жарашты.
Алып баруучу: отряд командалар рапорт берүүгө даярдангыла.
Жетекчи отряд: Отряд түздөнгүлө
Жолдош лагер башчысы бүгункү лагердин ачылышына “Жоогазын” отряды толугу менен даяр.
Рапорт берүү
Отряд түздөнгүлө! 1,2 3,4 1,2
Достук менен ким басат, “Жоогазын” баарыбызга бирдей күн.
Биздин девиз: “Ынтымак болсо достуктун – күч бирдиги”
Биздин ыр: Алтын балалык!
Отряд эркин бол!
Жетекчи отряд: Отряд түздөнгүлө
Жолдош лагер башчысы бүгүнкү лагердин ачылышына “Кызгалдак” отряды толугу менен даяр.
Рапорт берүү
Отряд түздөнгүлө! 1,2 3,4 1,2
Достук менен ким басат, “Кызгалдак” баарыбызга бирдей күн.
Биздин девиз: “Жалкоолукту таштайлы- эс алууну баштайлы”
Биздин ыр: Достук!
Отряд эркин бол!
Жетекчи отряд: Отряд түздөнгүлө
Жолдош лагер башчысы бүгункү лагердин ачылышына “Байчечекей” отряды толугу менен даяр.
Рапорт берүү
Отряд түздөнгүлө! 1,2 3,4 1,2
Достук менен ким басат, “Байчечекей” баарыбызга бирдей күн.
Биздин девиз: “Достукта кастык жок”
Биздин ыр: Достук!
Отряд эркин бол!
Алып баруучу: Урматтуу коноктор, жайкы эс алуу жана ден соолукту чыдоо лагерине даярдалган чакан концерттик программабызды баштоого уруксаат этиңиздер.
- Флешмоб.
- Хор “Досторум”
- Жеке номер
- Бий
Алып баруучу: Ушуну менен сиздерге арналган “Бактылуу балалык” эс алуу лагеринин эс алуучулары тарабынан даярдалган чакан кечеси аягына чыкты. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат. Эс алууңуздар көңүлдүү улансын.
Комментарии