"№21 жалпы орто билим берүү мектеби" мекемеси Бишкек шаары, Свердлов району, Энесай конушу

Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык педагогунун ишмердүүлүгү

Социалдык педагог: Рысбаева Динара Өмурбековна

Билими: жогору, БГУ-социология, КАО- Мектеп соц.педагогу

Байланыш телефону:0700 02 06 76

Иштөө мөөнөтү: 8.00-16.00

Соц.педагогдун негизги функциялары:

1.Билим берүүчү-тарбиялык. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  жүрүм-турумуна жана ишине максаттуу педагогикалык таасир берүүнү камсыз кылуу.

2.Диагностикалык. Балдардын, үй-бүлөнүн, социалдык  чөйрөнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-тиричиликтик  шарттарына иликтөө жүргүзүү менен “социалдык”диагноз коюу, балага оң жана терс таасирлерди жана ар кандай түрдөгү көйгөйлөрдү  аныктоо.

3.Уюштуруучулук. Социалдык-педагогикалык жардам берүү, тарбия берүүгө колдоо көрсөтүү маселелердин  чечүүдө, пландарды жана программаларды ишке ашырууну өнүктүрүүдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, педагогдордун  коомдук иштерин уюштуруу.

4.Божомолдук жана эксперттик. Конкреттүү микросоциумду социалдык жактан өнүктүрүу процессин программалоо, алдын ала божомолдоо, долбоорлоо, социалдык иштер боюнча түрдүү институттардын иштерине катышуу.

Кимдер менен иш алып барат:

Социалдык-психологиялык кызмат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Социалдык педагогдун иш алып баруусу.

  1. Окуу жылынын башында аткарылуучу иш-чаралардын иш-планын түзүү.
  2. Мектептерде өткөрүлүүчү социалдык-педагогикалык ишмердүүлүктүн нормативдик-укуктук негизи тууралуу маалыматты топтоо жана изилдөө.
  3. Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыгынын соц.педагогика маселелери боюнча иштеген адистер менен, райондук милиция бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор менен, кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлери менен байланыш түзүү
  4. №69 ОТКГда окуган томолой жетим, жарым жетим, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана башка социалдык категорияларга кирген балдардын далилдөөчү справкаларын топтоо жана алар менен иш алып баруу.
  5. Шаардык жана райондук семинарларга катышуу
  6. Гимназияда профилактика кеңешмеси иштейт, кеңешменин  отурумдарына катышуу
  7. Окуу жылына пландаштырылган рейддерди психолог жана ИДН, класс жетекчилер менен бирдикте жүргүзүү.
  8. “Ишеним почтасынын ” ишин жандандыруу , ал боюнча иш алып баруу.
  9. Социалдык жардамга жана моралдык колдоого муктаж балдар менен иш алып баруу, учетко алуу, жардам көрсөтүү. Жардамга муктаж балдардын абалын талдоо, жардам көрсөтүү.
  10. Тренингдерди мугалимдерге жана окуучуларга өткөрүү.
  11. Тарбия жана билим борборунда жана кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда жашаган балдар боюнча терең маалымат алуу, жашоо шарттары менен таанышуу, бул борборлор менен тыгыз байланышта иштөө.
  12. Материалдык жактан начар үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу мекеме-уюмдарга кат менен кайрылуу жана мектептеги төлөмдөрдөн жеңилдетип берүү.
  13. Бишкек шаарындагы социалдык башкармалыктарынан көрсөтүлүчү жардамдар жана жеңилдиктер тууралуу маалымат алып, ата-энелерге жеткирүү

Көзөмөлдө турган жана ар кандай көйгөйлөрү бар окуучулардын үйлөрүнө барып, үй-шарттары, үй-бүлөсү менен жакыныраак таанышуу, акты жазуу.

Психологдун ишмердүүлүгүнүн  жүрүшү

Мектеп психологу: Жумадилова Бегимай Жумадиловна

Билими: жогорку; КНУ им. Ж.Баласагына, Факультет Педагогики и Иностранных языков. БГУ им. К.Карасаева,   Факультет Социальной психологии

Байланыш телефону: 0700 63 05 59

Иштөө мөөнөтү: 8:00-16:00

Кимдер менен иш алып барат:

Социалдык-психологиялык кызмат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  • Окуучуларга диагностика жана коррекциялоо иштери

А) Адаптация

Б) Кесипке багыт берүү

В)“Кооптуу топ” менен иштөө

  • Ата-энелер менен иш алып баруу
  • Педагогикалык коллектив мене иш алып баруу
  • Ишеним почтасы менен иш алып баруу.
  • Баарлашуудагы көгөйлөр:
  • конфликттүүлүк,
  • тажаткандык,
  • сүйлөбөгөндүк,
  • лидерствого умтулуу,
  • таарынчактык,
  • өзүн коргой албагандык ж.б.