"№21 жалпы орто билим берүү мектеби" мекемеси Бишкек шаары, Свердлов району, Энесай конушу

Новости

2024-жылдын 25-декабрында мектеп директору Жеңиш уулу Азим жана мектептин соцпедагогу Рысбаева Динара тарабынан жаңы жылдык белектер уюштурулду. Белектер социалдык жактан муктаж болгон окуучуларга жана мугалимдерге берилди. Жалпысынан 34 окуучу жана 24 мугалимге белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Белек алган окуучулар, кубануу менен өз ыраазычылыктарын мектеп жетекчисине билдиришти.
26.12.2024 62
     2024-2025-окуу жылынын 11-12-13-14-декабрында илим сабактары (биология, физика, география) STEM  мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн 3-агым менен мектеп мугалимдери окуп келишти. 25-декабрда СТЕМ боюнча 5 мугалим Жамангулова Гүлнара Үсөнбековна тренердин жакшы деген баалоосунда, 5Е  моделиндеги сабактын планынын этаптары боюнча ачык сабактарын өтүштү. Мадеминова М.: «Жылуулук саны жана анын формуласы»; Айдарбек кызы С.: «Организмдердин өзүн-өзү кайрадан жаратуусу»; […]
26.12.2024 39
2024-жылдын 12-декабрында «Адабият алптары-Ч.Айтматов жана  А.Осмоновду эскерүү» күнүнө карата 8-класстар арасында өтүлүүчү « Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов менен Осмонов» аттуу кароо-сынагы болду.   Сынак Ч.Айтматов жана А.Осмоновду эскерүү иретинде, 9-классынын окуучуларынын сценкасы аткарылып, мектеп директору Жеңиш уулу Азимдин куттуктоо сөзү менен башталды.  Иш—чаранын максаты:  Улутубуздун  сыймыгы  болгон белгилүү  жазуучу  Ч.Айтматов жана  кыргыз поэзиясынын алпы А.Осмонов жөнүндө маалыматтарын кеңейтүү, окуучулардын дуйнө таануусун, […]
12.12.2024 132
«Зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясы бул зордук-зомбулук, өзгөчө аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелерине көңл буруу максатында уюштурулган эл аралык компания. «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. «Бизде зордук-зомбулук жок» деген темада 8-класстардан эссе жазылып алынды. Зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча 2-6-класстар арасында сүрөт конкурсу уюштурулду.»Зомбулуксуз мектеп» деген темада 9-10-11-класстарга видеоролик жана стенгазета уюштурулду. Окуучулар үчүн […]
10.12.2024 111
2024-жылдын 4-декбрында Бишкек шаарынын «Алыш белбоо» күрөшү боюнча Чемпионаты өткөрүлүп, биздин мектептин «Кыргыз күрөшү» ийриминин окуучулары катышып,            1-2-3-орундарды камсыздап келишти. Ийрим жетекчиси Турдубай уулу Элмурат өз ийгиликтери менен дайым мектепке зор салым кошуп келет.  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Диплому менен окуучуларыбыз […]
05.12.2024 51
2024-жылдын 4-декабрында мектеп ичинде таңкы 7:30да мектептин кире беришинде окуучулардын Манас айтуусу менен башталды.  Мындан сырткары  «Манасым-менин мурасым» аталышындагы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча кароо-сынак өткөрүлдү. Сынакка 3-4-5-6-7-8-9-классынын окуучулары катышты.                                                    […]
04.12.2024 59
2024-2025-окуу жылынын 30-ноябрында мектеп ичинде мугалимдерге семинар-тренинг өтүлдү   № Тренингддин темасы Өтүлүүчү жайы   Мөөнөтү Ким жооптуу   1 Жагымдуу чөйрө түзүү №113 кабинет №103 кабинет     30.11.2024-ж. 10:00-11:30   Мектеп психологддору Бейшеева М.Ш. Абирова Н.З 1 Сабакка максат коюу №113 кабинет     30.11.2024-ж. 10:00-11:30   Мектеп директору Жеңиш уулу Азим 2 […]
03.12.2024 27
21-ноябрда №21 ЖОББ мектебинде өзун-өзү башкаруу уюмунун ант берүү аземи болуп өттү. Анда мектеп директору Жеңиш уулу Азим агай куттуктоо сөзүн сүйлөп, 100 окуучунун Манас айтуусу менен башталды.  Мектеп парламентинин жаңы түзүмү ант берип шайланды. Соңунда 8-класстын окуучуларынын куттуктоо ирээтиндеги  ыр, бийи  менен коштолуп, жыйынтыкталды.
21.11.2024 46
2024-жылдын 25-октябрында №21 ЖОББ мектебинде “Буллинг жана суицидге каршыбыз!”  аталышындагы райондук деңгээлдеги семинар болду. Семинарга, Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Садыкова Асел Сыдыковна, Билим берүү департаментинин адиси Г.Ж.Турдубаева, Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын директору Ж.К.Абдыжапарова, №21 МТУнун  башкармасы А.Ж.Мудунов, начальник ИДН Н.Э.Акбашев келип катышты. Окуучулар тарабынан “Буллинг” жана “Суицид” жөнүндө презентация, атайын даярдалган […]
25.10.2024 200
2024-жылдын 21-октябрында мектеп ичинде тарых мугалимдери тарабынан  «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына» карата викторина өткөрүлүп,  11-классынын окуучулары катышты.  Викторинада «Билим берүүгө 100 жыл», «Мамлекеттик тил мыйзамына 35 жыл» жөнүндө тапшырмалар да камтылган. Окуучулар мыкты деңгээлде даярдануу менен өз билимдерин көрсөтө алышты. Тарых мугалимдери катышкан окуучуларга чакан белектерин беришип, «Мыкты команда», «Шамдагай команда» жана «Тапкыч […]
22.10.2024 135
2024-жылдын сентябрь айында мектептин спорт залында капиталдык ремонт жүргүзүлдү. 19-октябрында мектептин спорт залынын ачылыш аземи өттү. Аземге мектептин жалпы жамааты жана окуучулар катышышты. Спорт залдын ачылышын  И.Арабаев атындагы КМУнун доценти А.Турусбекова жана мектеп директору Жеңиш уулу Азим  калоо-тилек, жакшы сөздөрүн айтуу менен лента кесишти. Жетекчилик тарабынан мектептин дене тарбия мугалимдерине топтор белекке берилди.  
19.10.2024 83
2024-жылдын 16-18-октябрында мектепте түшүм майрамына карата 1-4-класстарынын арасында «Күз берекеси» темасында жашылча жемиштерден, өсүмдуктөрдөн түзүлгөн композициялар боюнча кароо-сынак болуп өттү. Ар бир класстын класс жетекчилеринин мыкты уюштуруусунун негизинде окуучулар, ата-энелери менен биргеликте эмгектерин жогорку деңгээлде даярдап келишти.
18.10.2024 243
1 / 2612345...1020...»