"№21 жалпы орто билим берүү мектеби" мекемеси Бишкек шаары, Свердлов району, Энесай конушу

Новости

2024-жылдын 28-апрелинде “Жаш балдар жана кыздар арасында 12-14 жана 15-17 жаш курак менен таэквандо WT боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги” болуп өттү.Бул биринчиликке биздин таэквандо ийриминин 9-а классынын окуучусу Шайлообекова Наиля 1-орунду багындырды.Аны менен катар улуттук курама команданын курамына кирип,диплом жана медаль менен сыйланып келди.
29.04.2024 145
2024-жылдын 25-26-апрелинде мектеп ичинде 1-класстар үчүн “Кош, Алиппе” аталышындагы ачык, тарбиялык сабактар өтүлдү. Алиппе менен коштошуу ачык тарбиялык сабагында, окуучулар  жыл ичинде алган билимин жана ошондой эле , эмгектенүүгө жана көндүм адаттарга ээ болуу жөндөмдүүлүгүн иш жүзүндө ачык көрсөтүп беришти. Ошону менен катар эле жагымдуу ыр, бийлер коштолуп, жагымдуу маанай тартуулашты. 1-класстын окуучуларын  куттуктайбыз жана албан […]
26.04.2024 138
2024-жылдын 25- апрелинде  мектеп ичинде “Укугунду бил” долбоорунун алкагында уюштурулган “Мыйзам жана мен” сүрөт конкурсу болуп өттү.Конкурстун жүрүшүнө калыстар тобу көзөмөл кылышты.Ага 3-10 класска чейинки 30 окуучу катышып, мыктылар тандалып, кызыктуу белектер менен сыйланды.
26.04.2024 37
24-апрелде мектеп ичинде, жаш мугалимдер жыл ичинде алган иш-тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында “Санарип мугалим” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. 13 жаш мугалим катышып, сабактарын, өтүп беришти. Семинардын жүрүшүндө, мугалимдерди жагымдуу маанай менен 4 топко бөлүү, ”Санарип мугалим” боюнча  доклад окулду. STEAM проектиси боюнча “Жаратылыш жана адам” темасында долбоор ,  PISA тести жана  Learning Apps платформасын колдонуп сабак өтүп […]
24.04.2024 84
23-апрель 2024-жылы саат 7:30да китеп күнүнө карата мектеп ичинде иш-чара өтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар,  китепканачылар менен биргеликте ырлар,макал-лакап жана окуу техникасы боюнча ыкма көрсөтүп, кызыктуу саякатка сапар алышты. Адамзаттын тарыхындагы эң сонун табылга китеп жөнүндө бүйүр кызыткан окуяларды айтып өтүштү. “Китеп-адамдардын руханиий байланышындагы көөнөрбөс көрөнгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан-дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө […]
23.04.2024 123
23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө” карата 4-класстарына китеп боюнча сабак өтүлдү.  Сабакты мектеп китепканачысы Н.Ө. Асакеева жана А.Р.Мамбеталиева өтүп беришти. Сабакта китептин пайда болуу тарыхы менен таанышышып, сырларын, пайдалуу жактары жөнүндө маалымат алышты. Жыйынтыгында окуучуларга суроо-жооп берип, активдүү катышкан окукучуларга белектер берилди.  
19.04.2024 40
18-апрель 2024-жылы мектеп ичинде пландалган ЖК боюнча 1-11-класстарга жана мектеп жамаатына инструктаж өткөрүлдү.АЧД мугалими Исманалиев Алтынбек агай 10-в классынын окуучулары менен биргеликте өрткө каршы каражаттарды кантип колдонуу керектигин жалпы окуучуларга жана мугалимдерге көрсөтүштү.Ушул эле күнү 1-11-класстар тарбиялык саат,9-класстар жат жазуу,4-5-класстар ЖК боюнча сүрөт тартып беришти. Андан сырткары өрт кырсыктарынын чыгуу себептерин, кооптуу мезгилде эрежелерди так сактоого […]
19.04.2024 66
2024-жылдын 16-17-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын 2-этабы өткөрүлдү. Мектеп ичинде өткөрүлгөн кароо-сынактын 1-этабынын жеңүүчүсү, мектептин  көркөм өнөр мугалими А.Кененбаева райондук сынакка катышты. Бул сынакта А.Кененбаева 5-класстын окуучулары менен “Космос мейкиндигине саякат” темасында сабак өттү. Жыйынтыгында  мугалимдин  жаш муунга билим жана тарбия берүүнүн педагогикалык технологияларды, методикаларды, жаңы  ыкмаларды колдонуу менен сабак […]
18.04.2024 96
2024-жылдын Ыйык Рамазан айында мектебибизге Эне-Сай конушунун 10-көчөсүндөгү Дүрбөлөң кызы Асылкан ажы атындагы мекчити жана анын имамы таксыр Салимов Муслихиддин демилгеси менен №21-мектептин жамаатына ооз ачыруу менен бирге жаңы заманбап билим берүү тармагындагы жаңылыктар, инновациялык ыкмалар менен тең бөлүшүү ишчарасы жана аш чарасы бирге белгиленди. Ага Кыргызстандагы Сапат билим берүү борборуунун вице-президенти Мирбек мырзанын жамаатка […]
02.04.2024 102
1-апрелде 7:30да мектептин кире беришинде (фойе) химия, биология бирикмесинин жумалыгынын ачылышы болду.  Мугалимдер, кире бериште (фойе) атайын түзүлгөн суроолордун жоопторун оюн аркылуу алышты. Жагымдуу маанай тартуулап, таттууларга катылган тапшырмаларды дагы беришти. Жыйынтыгында жетекчилик тарабынан каалоо-тилектер айтылды.
01.04.2024 61
2024-жылдын 21-мартында мектеп ичинде  “Нооруз”  майрамы өткөрүлдү.  Бул күнү мектебибизде,  «Нооруз» майрамында жасалып жүргөн жана Нооруздун символу болгон  «Сүмөлөк» кайнатылып, таң эрте мектеп директору Жеңиш уулу Азим жалпы жамаатка алакан жайып,  каалоо-тилектерин айтуу менен ачылды . Ошону менен  бирге «Нооруз» майрамына арналган чакан концерттик программа көрсөтүлдү.  Салт боюнча Умай эненин  аластоосу менен башталып, мектептин вокал ийриминин […]
21.03.2024 154
2024-жылдын 15-мартында №21 ЖОББ мектебинде “Билим берүү потенциалы жана окутуу чөйрөсүн долбоорлоо жолдору” деген темада мектеп директорлору үчүн шаардык семинар болуп өттү. Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Ж.К.Абдыжапарова семинарды ачуу менен бирге, №21 ЖОББ мектебинин директору Жеңиш уулу Азим мектеп жөнүндө маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө №21 ЖОББ мектебинин ОТИ б.д.о. басары […]
15.03.2024 152
1 / 2312345...1020...»