12-декабрь-Улуттук адабият күнү
2024-жылдын 12-декабрында «Адабият алптары-Ч.Айтматов жана А.Осмоновду эскерүү» күнүнө карата 8-класстар арасында өтүлүүчү « Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов менен Осмонов» аттуу кароо-сынагы болду. Сынак Ч.Айтматов жана А.Осмоновду эскерүү иретинде, 9-классынын окуучуларынын сценкасы аткарылып, мектеп директору Жеңиш уулу Азимдин куттуктоо сөзү менен башталды.
Иш—чаранын максаты: Улутубуздун сыймыгы болгон белгилүү жазуучу Ч.Айтматов жана кыргыз поэзиясынын алпы А.Осмонов жөнүндө маалыматтарын кеңейтүү, окуучулардын дуйнө таануусун, сүйлөө көндүмдөрүн, чыгармачыл жөндөмүн калыптандыруу. Улуу акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары менен окуучуларды адамгерчиликке, адеп-аxлакка тарбиялоо.
8-а классы 1. Ч.Айтматовдун «Бетме-Бет» повести.
8-б классы 1. Каармандар сүйлөйт.Ч.Айтматовдун «Бетме-Бет»,
- Ч.Айтматовдун «Делбирим»
- Ч.Айтматовдун «Жамийла»
- Ч.Айтматовдун «Ак кеме»чыгармалары.
8-в классы 1. Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасы.
- Ч.Айтматовдун «Кызыл алма»
- Ч.Айтматовдун «Ак кеме»
- «Эрте келген турналар»
8-г классы 1. Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасы.
8-д классы 1. Ч.Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» чыгармасы.
Ошону менен катар эле А.Осмоновдун обондуу ырларын 7-классынын окуучулары «Музыка» жана «Ата Журт» ырын аткарып беришти.
Жыйынтыгында, баш байгени 8-б, 1-орун 8-а, 2-орун 8-В, д жана 3-орун 8-г алышты.
Кароо-сынактын жыйынтыгында окуучуларга ийгилик жана жакшы каалоо-тилектер айтылды.
Комментарии