23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2024-жылдын 23-сентябрында мектеп ичинде “Тилибиз-биздин дилибиз” аталышындагы салтанаттуу жыйын болуп өттү. Кыргыз тил гимни менен ачылып, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен бирге 5-11-классынын окуучулары Ш.Дүйшеевдин “Эне тилин унуткандар” ырын көркөм айтышты. Мындан сырткары бүгүнкү күндө көрнөк-жарнактарда, интернет булактарында кыргыз тилиндеги жазууларда кетирилген одоно каталарды жоюу максатын көздөп дубал газеталарды көтөрүп чыгуу менен обондуу ыр коштолду.
Кыргыз тилин даңктаган ураан-чакырыктар менен жыйынтыкталып, кыргыз тили жана адабияты бирикмесинин жумалыгы ачылды.
Комментарии