4-декабрь-“Манас” эпосунун күнү
2024-жылдын 4-декабрында мектеп ичинде таңкы 7:30да мектептин кире беришинде окуучулардын Манас айтуусу менен башталды. Мындан сырткары “Манасым-менин мурасым” аталышындагы “Манас” эпосунан үзүндү айтуу боюнча кароо-сынак өткөрүлдү. Сынакка 3-4-5-6-7-8-9-классынын окуучулары катышты. Кароо-сынактын негизги максаты: «Манас, Семетей, Сейтек» эпостору боюнча окуучулардын алган билимдерин бышыктоо, ар бир окуучунун жүрөгүндө патриоттук сезимди ойготуу жана «Мен-Манастын урпагымын» деген ыйык сезимди сиңирүү.
100 окуучунун жалпы Манас айтуусу менен башталып, 23 окуучу жаттап келген үзүндүлөрүн айтып беришти.
Жыйынтыгында 1-орунду 9-в классынын окуучусу Э.Жолдошов, 2-орунду А.Калдыбаева, Б.Сатыбалдиев жана 3-орунду 7-б классынын окуучусу Г.Үсөнова жана 5-в классынын окуучусу Ч.Алтымышов багындыра алышты. Ал эми калган катышуучулар ыраазычылык каты менен сыйланышты.
Мындан сырткары 9-б классынын окуучусу Э.Жолдошов “Жаш манасчы-2024” онлайн кароо-сынагына катышып райондук деңгээлде 3-орунду, ал эми шаардык деңгээлде 6-орунду камсыздап , даярдаган кыргыз тили мугалими Р. Аширова да грамота менен сыйланышты.
Кароо-сынакты жыйынтыктап мектеп директору Жеңиш уулу Азим окуучуларга “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу, мындан ары “Манас”айтууну улантуу максатында окуучуларды шыктандырып кетти.
Комментарии