“Буллинг жана суицидге каршыбыз!” аталышындагы райондук деңгээлдеги семинар өткөрүлдү
2024-жылдын 25-октябрында №21 ЖОББ мектебинде “Буллинг жана суицидге каршыбыз!” аталышындагы райондук деңгээлдеги семинар болду.
Семинарга, Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Садыкова Асел Сыдыковна, Билим берүү департаментинин адиси Г.Ж.Турдубаева, Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын директору Ж.К.Абдыжапарова, №21 МТУнун башкармасы А.Ж.Мудунов, начальник ИДН Н.Э.Акбашев келип катышты.
Окуучулар тарабынан “Буллинг” жана “Суицид” жөнүндө презентация, атайын даярдалган сценка көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында келген конокторго сөз берилип, жакшы каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды.
Комментарии