Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата викторина өткөрүлдү
2024-жылдын 21-октябрында мектеп ичинде тарых мугалимдери тарабынан «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына» карата викторина өткөрүлүп, 11-классынын окуучулары катышты. Викторинада «Билим берүүгө 100 жыл», «Мамлекеттик тил мыйзамына 35 жыл» жөнүндө тапшырмалар да камтылган.
Окуучулар мыкты деңгээлде даярдануу менен өз билимдерин көрсөтө алышты. Тарых мугалимдери катышкан окуучуларга чакан белектерин беришип, «Мыкты команда», «Шамдагай команда» жана «Тапкыч команда» номинациясын ыйгарышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата » Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшу-эгемендүүлүктүн пайдубалы»-аттуу илимий конференциясына 10-класстын окуучулары сахналаштырууга катышышты.
Комментарии