“Кош, Алиппе” аталышындагы ачык тарбиялык сабактар өтүлдү
2024-жылдын 25-26-апрелинде мектеп ичинде 1-класстар үчүн “Кош, Алиппе” аталышындагы ачык, тарбиялык сабактар өтүлдү. Алиппе менен коштошуу ачык тарбиялык сабагында, окуучулар жыл ичинде алган билимин жана ошондой эле , эмгектенүүгө жана көндүм адаттарга ээ болуу жөндөмдүүлүгүн иш жүзүндө ачык көрсөтүп беришти. Ошону менен катар эле жагымдуу ыр, бийлер коштолуп, жагымдуу маанай тартуулашты.
1-класстын окуучуларын куттуктайбыз жана албан ийгиликтерди каалайбыз!
Комментарии