21-март “Нооруз” майрамы
2024-жылдын 21-мартында мектеп ичинде “Нооруз” майрамы өткөрүлдү. Бул күнү мектебибизде, «Нооруз» майрамында жасалып жүргөн жана Нооруздун символу болгон «Сүмөлөк» кайнатылып, таң эрте мектеп директору Жеңиш уулу Азим жалпы жамаатка алакан жайып, каалоо-тилектерин айтуу менен ачылды .
Ошону менен бирге «Нооруз» майрамына арналган чакан концерттик программа көрсөтүлдү. Салт боюнча Умай эненин аластоосу менен башталып, мектептин вокал ийриминин жагымдуу ырлары жана “Билги club” бий ийриминин жагымдуу бийлери менен коштолду. Келген конокторго, мектептин жалпы жамаатына сүмөлөктөр таратылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында вокал ийриминин жетекчиси Ж.Дооронованын аткаруусундагы жагымдуу ыры менен жыйынтыкталды.
Комментарии