5-март — Ак калпак күнү
2024-жылдын 5-мартында “Ак калпак күнү” мектеп ичинде белгиленди. Кыргызымдын эң ыйык улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында, 9-класстын окуучулары, Эне-Сай конушунун көчөлөрүнө жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүштө калпактын үлгүлөрун, дубал газеталарды көтөрүп чыгышты.
Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Комментарии