“Билим берүү потенциалы жана окутуу чөйрөсүн долбоорлоо жолдору”
2024-жылдын 15-мартында №21 ЖОББ мектебинде “Билим берүү потенциалы жана окутуу чөйрөсүн долбоорлоо жолдору” деген темада мектеп директорлору үчүн шаардык семинар болуп өттү.
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Ж.К.Абдыжапарова семинарды ачуу менен бирге, №21 ЖОББ мектебинин директору Жеңиш уулу Азим мектеп жөнүндө маалымат берди.
Семинардын жүрүшүндө №21 ЖОББ мектебинин ОТИ б.д.о. басары А.Т.Бердикулова “Билим берүү потенциалы жана окутуу чөйрөсүн долбоорлоо жолдору”, Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон балдарга жардам берүү борборунун психологу С.О.Салтанова “Окуучуларга карата зордук-зомбулук же кордоо фактыларын аныктоодо жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин алгоритми” жана БШМАнын бөлүм башчысы Н.И.Акматалиева жана башкы архивисти Г.С.Бекмырзаева “Мектептерде иш кагаздарынын номенклатурасын бекитүү боюнча түшүндүрүү иштери” темасында докладдарын окуп, презентация жасоо менен бирге мастер класс көрсөтүштү.
Келген коноктор мектептин ичине экскурсия жүргүзүштү. Семинар суроо-жооп, жакшы пикирлерди айтуу менен жыйынтыкталды.
Комментарии