N21 ЖОББ мектебинин 2019-2020 окуу жылындагы lV-чейректеги дистанттык окутуу боюнча иштоо регламенти.
1. Дистанттык окутуу дуйшомбудон жумага чейин коюлган жугуртмо боюнча сабактар 20мин убактысы менен отулот.
2. Сабактардын жугуртмосу окуучуларга жана алардын ата-энелерине WhatsApp тиркемеси аркылуу билдирилет.
3. Дистанттык окутуу боюнча томондогу электрондук булактар колдонулат:
1-4кл: “Баластан” КТРК телеканалы (телевидео сабактар)
5-11кл: ЭлТР “Илим Билим”, “5КАНАЛ” ( телевидео сабактар)
Мобилдик тиркеме “Мега 24”
oku.edu.gov.kg, ibilim.kg, bb.edu.gov.kg, kitep.edu.gov.kg, edu-nlsit.jet.kg, testing.kg , kitep.edu.gov.kg жана Lib.kg
4. Мугалимдин жумуш убактысынын узактыгы жумалык сабактын жыйынтыгын сабактын графигине ылайык аныктайт.
5. Мугалимдер тематикалык пландаштырууну оз убагында ондоп, Кун сайын бекитилген сабактын графигине ылайык окуу планын иштеп чыгышат , тапшырмаларды кошушат, убактылуу журналга окуучулардын бааларын коюшат.
6. Тапшырмаларды кабыл алуу мугалимдер менен макулдашуу боюнча ар кандай электрондук байланыштар аркылуу жузого ашырылат.
7. Окуучулар мугалимдер корсоткон цифралык билим беруу аянтчаларын колдонуу менен программалык материалдарды откоруу максатында мугалимдер корсоткон тапшырмаларды, окуу темаларын оз алдынча аткарышат.
Комментарии