Рамазандагы – иш-чара
2024-жылдын Ыйык Рамазан айында мектебибизге Эне-Сай конушунун 10-көчөсүндөгү Дүрбөлөң кызы Асылкан ажы атындагы мекчити жана анын имамы таксыр Салимов Муслихиддин демилгеси менен №21-мектептин жамаатына ооз ачыруу менен бирге жаңы заманбап билим берүү тармагындагы жаңылыктар, инновациялык ыкмалар менен тең бөлүшүү ишчарасы жана аш чарасы бирге белгиленди. Ага Кыргызстандагы Сапат билим берүү борборуунун вице-президенти Мирбек мырзанын жамаатка кызыктуу маеги менен башталып, кечки ооз ачуу аш-чарасы болуп өттү. Жана да мектепке келген меймандар заманбап 1 үн-күчөткүч колонка (микрофону менен) белекке берип кетишти. Жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Комментарии