Жарандык коргонуу күнү өтүлдү
18-апрель 2024-жылы мектеп ичинде пландалган ЖК боюнча 1-11-класстарга жана мектеп жамаатына инструктаж өткөрүлдү.АЧД мугалими Исманалиев Алтынбек агай 10-в классынын окуучулары менен биргеликте өрткө каршы каражаттарды кантип колдонуу керектигин жалпы окуучуларга жана мугалимдерге көрсөтүштү.Ушул эле күнү 1-11-класстар тарбиялык саат,9-класстар жат жазуу,4-5-класстар ЖК боюнча сүрөт тартып беришти. Андан сырткары өрт кырсыктарынын чыгуу себептерин, кооптуу мезгилде эрежелерди так сактоого жана аткарууга,бир-бирин сыйлоого милдеттүү экендиги айтылды.
Комментарии