“Жылдын мыкты мугалими-2024” райондук кароо-сынагы
2024-жылдын 16-17-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын 2-этабы өткөрүлдү.
Мектеп ичинде өткөрүлгөн кароо-сынактын 1-этабынын жеңүүчүсү, мектептин көркөм өнөр мугалими А.Кененбаева райондук сынакка катышты. Бул сынакта А.Кененбаева 5-класстын окуучулары менен “Космос мейкиндигине саякат” темасында сабак өттү. Жыйынтыгында мугалимдин жаш муунга билим жана тарбия берүүнүн педагогикалык технологияларды, методикаларды, жаңы ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүүсү бааланып, 1-орунду камсыз кылып, шаардык кароо-сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Жалпы мектеп жамааты куттуктап, алдыдагы шаардык кароо-сынагына ийгилик каалайбыз!
Комментарии