Англис тилинин бир айлыгы
Бишкек шаарынын Свердлов районунун #21 ЖОББ мектебинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 336/1 2023-жылдын 3-февралындагы «Англис тилинин бир айлыгын өткөрүү жөнүндө» буйругун аткаруу максатында 2023-жылдын 7-февралынан баштап 7-мартка чейин бир айлык жарыяланган. Буйруктун негизинде ачык сабактар, окуучулар арасында көргөзмөлөр, жолугушууларды уюштуруу боюнча иш пландар түзүлгөн. Буйрукка ылайык бүгүн 14-февралда айлыктын ачылышы болуп өттү. Англис тил мугалимдери тарабынан даярдалган иш чара өтө жаңылык жана креативдүүлүгү менен өзгөчөлөндү. Ачылышында КРнын гимнинен баштап, акыркы номерине чейин англис тилинде жүргүзүлүп, монолог,интеллектулалдык оюн,көркөм окууларды окуучулар чет тилинде эркин чагылдыра алышты.
Комментарии