Бердикулова Асель Турсунбековна
Жеке тема: кыргыз тили жана адабияты сабагында мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен окутуу аркылуу окуучулардын тилдик-коммуникативдик жана рухий-эстетикалык маданиятын өнүктүрүү.
Менин максатым: адабият сабагында уламыштардын негизинде жазылган чыгармаларды информациялык- коммуникациялык технологияларды колдонуп окутуу аркылуу окуучулардын тилдик-коммуникативдик жана рухий-эстетикалык маданиятын өнүктүрүүгөө жетишүү. Улуттук педогогиканы пайдалануу менен окуучуларды компетенттүүлүккө тарбиялоо.
«Жүрөгүмдү балдарга арнайм» шаардык кароо сынагы
«Тил-достуктун ачкычы» аттуу долбоор сабак кароо сынакта Свердлов району боюнча 2-орунду камсыз кылдык. (2020-2021- окуу жылы)
«Тил достуктун ачкычы» шаардык кароо-сынакка катышып келдик. (2020-2021-окуу жылы)
Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган көркөм айтуу кароо-сынагы (2020-2021-окуу жылы)
Окуучум Жыргалбек Сырга «Китеп-билим булагы» шаардык кароо-сынагына катышып райондук баскычта 2-орун, шаардык баскычта 3-орунду камсыз кылып,электрондук китеп (планшет)менен сыйланды. Окуткан мугалимине Билим Берүү башкармалыгынын ардак грамотасы жана Ысык-Көлгө 3 күнгө жолдомо алдым.
7-г класстын окуучусу Жыргалбек кызы Сырга шаардык конкурста 3-орунду камсыздап электрондук китеп менен сыйланды. (2020-2021-окуу жыл)
«Жүрөгүмдү балдарга арнайм» шаардык кароо сынагы
Мектеп жетекчилиги тарабынан ардак грамота менен сыйландым.
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
улуу жазуучу Чынгыз Төрөкуловичтин туулган күнүнө карата 12-декабрда 6-б класстын окуучулары тарабынан «Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов» аттуу долбоор сабак даярдашып жактап беришти.
2019-2020-окуу жылында «Тил-достуктун ачкычы » аттуу 6-7-класстар арасында фестиваль уюштурдук. (2019-2020-окуу жыл)
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Аталардын эрдигин даңктайбыз»аттуу республикалык онлайн-фестивалда «Монолог» номинациясы боюнча Шаршенова Сейил сыйланды (2019-2020-окуу жылы)
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Аталардын эрдигин даңктайбыз» аттуу республикалык онлайн-фестивалда «Көркөм окуу» номинациясы боюнча 5-а класстын окуучусу Нурбекова Нуркыз 1-даражадагы диплом жана кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды. (2019-2020-окуу жылы)
5-март Ак калпак күнүно карата 5-класстар арасында ачык сабак .
Жашыл Ай коому тарабынан республикалык масштабда өткөрүлгөн сүрөт жана карикатура конкурсунда 5-а класстын окуучусу Самыйкожоева Айназик 1000 сом акчалай сыйлык жана Жашыл ай коомунун атайын сыйлыгы менен сыйланды.
.
Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата өткөрүлгөн видеолор акциясында даярдалган видео ролик 3-рунду камсыз кылды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын атайын сыйлыгы менен сыйланды. (2020-2021-окуу жылы)
Класстан тышкаркы иш-чараларда окуучуларым менен биргеликте Ата-Бейит Мемориалдык комплексине барып бай маалымат топтоп келдик.
БЕКИТЕМИН
№21ЖОББ мектебинин директору
Умарова Г.Д.______________
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Бердикулова Асель Турсунбековнанын
2020-2021-окуу жылына карата жеке жылдык
ИШ ПЛАНЫ
Жеке темасы: Кыргыз адабияты сабагында мультимедиалык каражаттарды колдонуу менен окутуу аркылуу окуучулардын тилдик-коммуникативдик жана рухий-эстетикалык маданиятын өнүктүрүү
Максаты: адабият сабагында уламыштардын негизинде жазылган чыгармаларды информациялык-коммуникациялык технологиялар колдонуп окутуу аркылуу окуучулардын тилдик-коммуникативдик жана рухий-эстетикалык маданиятын өнүктүрүүгө жетишүү
Милдети:
- Интерактивдүү доска, проектор менен кабинетти жабдуу.
- Мультимедиалык каражаттарды колдонууну мыкты өздөштүрүү
- Роwer Point менен иштөөнү мыкты өздөштүрүү
- Окуучулардын уламыштардын негизинде жазылган чыгармаларды мультимедиалык каражаттарды колдонуу менен презентациялоону өздөштүрүүсүнө жетишүү
- Аудиону колдонуу менен угуп түшүнүү тесттерин мультимедиалык каражаттарда презентациялоону өздөштүрүү
- Мультимедиалык каражаттардын жардамы менен окуучулардын салыштырып байланыштыруу жөндөмдүүлүгүн арттырууга басым жасоо
- Мультимедиалык каражаттарды пайдалануу менен тесттик тапшырмаларды деӊгээлдер боюнча түзүү
- Окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө багыт берүү
- Кайтарым байланышты түзүү
Бир жылда аткарылуучу иштердин багыттары:
Жумалык жүктөмдөгү сабактарды өтүү
Мультимедиалык каражаттарды колдонууда тиешелүү программаларды мыкты өздөштүрүү
Таланттуу окуучулар менен иш алып баруу
Начар окуган окуучулар менен иш алып баруу
Китеп, күндөлүктөр менен камсыздоо
Ата- энелер менен тыгыз иш алып баруу
Маданий иш чараларды өткөрүү,тарбияга оордук жараткан окуучулар менен иш алып баруу
Өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө
Шаардык жана мектеп ичиндеги семинарларга катышуу
Жумалык жүктөм: 27. Сабак берген класстар: 5-а,6-б,6-в,7-г,7-а
Кабинети: кыргыз тили кабинети
№ | Аткаруучу иштердин мазмуну | Мөөнөтү | Эскертүүлөр |
1.Уюштуруу иштери | |||
1 | Календарлык жана жеке иш планды бекиттирүү | Август | |
2 | Кабинеттерди окуу жылына даярдоо | Август | |
3 | Күндөлүк планды иштеп чыгуу | Август | |
4 | Уюштуруу иштери | Сентябрь | |
5 | Окуу – тарбия иштери | Сентябрь | |
6 | Онлайн сабак өтүү | Сентябрь | |
7 | Өз ара сабакка кирүү дептерин уюштуруу | Сентябрь | |
8 | 5-11-класстар үчүн срез | Сентябрь | |
9 | Жаӊы келген окуучулар менен иштөө | Жыл бою | |
10 | Сабактан сырткары окуучулар менен иш алып баруу.Факультативдик курстар | Жыл бою | |
11 | Онлайн сабак өтүү | Октябрь | |
12 | 5-класс(адаптация) | Октябрь | |
13 | Класс жетекчилик иш | Жыл бою | |
14 | Дежурство милдетин аткаруу | Жыл бою | |
15 | 7-класстар жалпы көзөмөл | Ноябрь | |
16 | Шаардык семинарга катышуу | Декабрь | |
17 | Жарым жылдык отчет | Декабрь | |
18 | Сабакка талапка ылайык көрсөтмөлүү даярдануу | Жыл бою | |
19 | Жазуу иштерин текшерүү | Жыл бою | |
20 | Сабак берген класстардын журналынын толтурулушун дайым көзөмөлдөп,учурунда толтуруу | Жыл бою | |
21 | 5-класс жалпы көзөмөл | Февраль | |
22 | Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын декадасы | Февраль | |
23 | Күнүмдүк жана тематикалык пландоо | Жыл бою | |
24 | Кабинет менен иштөө,дидактикалык материалдарды даярдоо | Жыл бою | |
25 | “Жыл мугалими” конкурсу | Апрель | |
26 | 9-11-класстардын алдын алуу экзамендери | Апрель | |
27 | Жылдык отчет | Май | |
28
| Көчүрүү жана бүтүрүү экзамендери | Май | |
2. Таланттуу окуучулар менен иш алып баруу | |||
1 | Жыл башында класстагы таланттуу окуучулардын тизмесин түзүү | Сентябрь Октябрь | |
2 | Окуучунун кызыгуусун аныктоо | Жыл бою | |
3 | Сабактан тышкаркы тапшырмаларды даярдоо | Жыл бою | |
4 | Дидактикалык материалдарды жатка айтуу | Жыл бою | |
5 | Эпосторду көркөм айтуу | Жыл бою | |
6 | Акындардын ырларынан көркөм айтууга үйрөтүү | Жыл бою | |
7 | Драмалык чыгармаларды аткара билүүсүн өнүктүрүү | Жыл бою | |
8 | Акындардын өмүр баяны боюнча маалымат даярдоо тапшырмасын берүү | Жыл бою | |
9 | Дил баян,эссе жаздыруу | Жыл бою | |
10 | Окуган чыгармага карата сүрөт тарттыруу | Жыл бою | |
3. Начар окуган окуучулар менен иш алып баруу | |||
1 | Класстагы окуучулардын билим деңгээлин аныктоо максатында текшерүү иштерди алуу | Сентябрь | |
2 | Окуучунун сабактан жетише албагандыгынын себебин аныктоо үчүн куратор,ата-энеси жана өзү менен сүйлөшүү | Жыл бою | |
3 | Окуучунун предметтен окуу программасын өздөштүрө алуусуна жетишүү үчүн индивидуалдык план түзүү | Жыл бою | |
4 | Сабакта начар окуган окуучуларга дифференцирленген тапшырмаларды берүү | Жыл бою | |
5 | Окуучунун предмет боюнча жазган дептерлерин текшерип туруу | Жыл бою | |
6 | Сабактан тышкаркы учурларда окуучуга жекече тапшырмаларды берүү | Жыл бою |
Кыргыз тили жана адабияты мугалими: Бердикулова Асель
5 жылдык план (Бердикулова Асель Турсунбековна)
№ | Иштин мазмуну | № | мөөнөтү | № | Аткаруучу иштер |
1 | Кабинетти өнүктүрүү | 1 2 3 4 5 | 2019-2020-жж. 2020-2021-жж. 2021-2022-жж. 2022-2023-жж 2023-2024-жж. | 1
2
3
4 5 | Кабинетти жашылдандыруу. Көрсөтмө куралдарды толуктоо,жаңылоо. Кабинетке сабакка керектүү планшеттерди илүү. ТСО менен камсыз кылуу. Методикалык китептерди топтоо, жаңылоо.
|
2 | Сабактын иштелмелери | 1 2 3 4 5 | 2019-2020-жж. 2020-2021-жж. 2021-2022-жж. 2022-2023-жж. 2023-2024-жж | 1
2 3 4
5 | План конспекттерди түзүү,толуктоо. Эсселерди түзүү. Тесттин суроолорун түзүү. Олимпиаданын суроолорун түзүү. Доклад,реферат,долбоор топтоо.
|
3 | Класстан тышкаркы иштер | 1 2 3 4 5 | 2019-2020-жж. 2020-2021-жж 2021-2022-жж. 2022-2023-жж 2023-2024-жж. | 1
2
3
4
5 | Адеп,ыйман жана маданиятка тиешелүү ар кыл иш- чараларды өткөрүү. Ыймандуулукка үндөө. “Билимдүү болсон озосуң, билимсиз болсоң тозосуң”. Балдардын билимге болгон шык,жөндөмдөрүн ойготуу максатында ар кыл иш -чараларды өткөрүү. Кыргыз элинин каада-салты,үрп адаты тууралуу кененирээк маалыматтарды берүү менен кыргыз элинин каада-салтын,үрп адатын ала жүрүүгө үйрөтүү. “Ырыс алды ынтымак,ынтымагың жок болсо алдыңдан таяр алтын так”. Ынтымак , ынтымак , ынтымак.
Өз мекениңе кыянаттык кылба. Мекенге болгон кызмат . Мекенди сүйүү,аны көздүн карегиндей сактоого үйрөтүү. |
4 | Кесиптик көрсөткүчтөр | 1 2 3 4 5 | 2019-2020-жж. 2020-2021-жж. 2021-2022-жж 2022-2023-жж. 2023-2024-жж | 1
2
3
4
5 | Конкурстарга даярдоо. (чыгармачыл окуучулар менен иш алып баруу) Олимпиадага даярдоо. (чыгармачыл окуучулар менен иш алып баруу) Алдыңкы окуучулар менен иштөө. Сабактарга катышып тажрыйба топтоо. Семинар,тренингдерге баруу. Кыргыз адабият сабагына кызыккан окуучулар менен иш алып баруу. (чыгармачылыкка кызыккан) |
5 | Тажрыйба жайылтуу | 1 2 3 4 5 | 2019-2020-жж. 2020-2021-жж. 2021-2022-жж. 2023-2024-жж. 2024-2025-жж. | 1 2 3
4
5 | Ачык сабактарды өтүү. Декада,семинар өтүү. Тегерек стол,диспуд,таймаш сабак , конференция уюштуруу. Доклад даярдоо жана интерактивдүү доска менен иштөө,балдар менен биргеликте. Мектеп ичинде таймаш сабак уюштуруу(паралелль класстар арасында) |
Кабинетти өнүктүрүү
Кыргыз тили жана адабияты кабинетине “Ден соолук өмүр булагы дегендей” алгач жашылдандыруу. Класс ичин окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбеген гүлдөр менен камсыз кылуу.
Кабинетке окуучуларга керек болгон көрсөтмө куралдарды толуктоо. Стенддерди жаңыртуу, сабакка керек болгон тест, жат жазуунун иштелмелерин иштеп жаңыртуу.Сабакка керектүү планшеттерди илүү. Методикалык китептерди топтоо жана жаңылоо. ТСО менен камсыз кылуу. Интерактивдүү доска илип, окуучуларга интерактивдүү доска менен иштөөгө үйрөтүү. Көргөзмө курал коюлуучу текче уюштуруу.
Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата класска бурч уюштуруу,, Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата , ар бир акын, жазуучу жана ж.б.ларга карата мөөнөтүнө жараша бурч-тарды уюштуруу.
Сабактын иштелмелери
Календарлык тематикалык планды ар жыл сайын жаңылоо
жана сабактын планын даярдоо,түзүп толуктоо.Эсселерди
түзүп , толуктоо.КТП га ылайык ар бир сабакка даяр кылып толуктоо.
Ар бир класска 5-6-7-8-9-10-11-класстарга ар бир чейрекке
карата тесттерди даярдап , тесттердин топтомун түзүү.
Олимпиадага карата алдын ала тест, эссе, жат
жазуу, баяндамаларды, текст үстүндө иштөөгө даяр материал
дардын топтомун топтоп коюу.
Окуучулардын даярдаган доклад, реферат, долбоордук
иштердин топтомдорун кабинетте сактоо. Ар бир жазылган иштерге
анализ отчеттору менен кошо тиркөө.
Класстан тышкаркы иштер
Класстан тышкаркы иш- чараларга окуучуларды музей,
китепкана, тарыхый жерлерге алып баруу.Ал жактан окуучулар өзүлөрү
бай маалымат топтой алуусуна өбөлгө түзүү.
- “Ата-Бейит” Мемориалдык комплекси.
- Чынгыз Айтматовдун үй музейи
- Улуттук китепкана
- Бурана мунарасы.
- Тарых музейи
Мындан тышкары класстан сырткары иштерге окуучулар менен биргеликте ишембиликтерге чыгуу. Көчөттөрдү отургузуу.
Адеп, ыйман, маданиятка байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөзүү.Бул иш-чараларга катыштыруу менен биргеликте окуучунун эл жерге болгон сүйүүсүн ойготуу.
Кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты тууралуу документалдуу тасмаларды көргөзүү. Каада-салт, үрп адаты чагылдырылган иш- чараларды мектеп ичинде өткөзүү.
Окуучулардын ынтымагын бекемдөө,аларды ыйман,адептүүлүккө тарбиялоо максатында бир катар класстык сааттарды өткөрүү. Иш-чараларды уюштуруу. Улууга урмат менен кичүүгө ызаат кыла билүүнү, улуудан озунуп кол сунбоо максатында окуучуларга байма-бай иш аракеттерди айтып жүрүү.
Кыргыз эл макалында “Билимдүү болсоң озосуң, билимсиз болсоң тозосуң” дегендей балдардын билим алууга болгон шык жөндөмүн арттыруу максатында долбоор сабак, илимий изилдөөчүлүк багыттагы иш-чараларды,сабактарды өткөрүү.
Кесиптик көрсөткүчтөр
Ар жыл сайын өлкөбүздө эмгеги элге синген атактуу асыл адамдар кездешет. Мына ошол адамдарды эскерүү максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүү боюнча ар кандай тапшырмалар келет. Мына ошол тапшырмаларга жеткиликтүү даярданып райондук,шаардык конкурстарга даярдоо. Алгач конкурска катышуу үчүн алдын ала окуучуларды даярдоо. Алсак “Көркөм окуу” кружогун, “Актердук чеберчилик” кружогун, дил баян эссе жазуу боюнча калеми курч окуучуларды даярдап конкурстарга катыштыруу.
Олимпиадага окуучуларды 5-класстан тарып даярдоо, аларга өтүлүп жаткан материал боюнча кошумча адабий китептер менен камыз кылуу. Кошумча сааттарды уюштуруу. Алдыңкы жана чыгармачыл окуучулар менен иш алып баруу. Ар бир окуучунун шык жөндөмүнө карата багыт берип, алдыңкы окуучуларды олимпада ж.б. ар кандай конкурстарга даярдоо.Чыгармачыл окуучуларды газета,журнал,теле-радио менен биргеликте иш алып барууга үйрөтүп жол көргөзүү.
Райондук,шаардык иш-чараларга ,сабактарга катышып ар кыл методдорду алууга үйрөнүү. Райондук жана шаардык семинарларды уюштуруу.
Тажрыйба жайылтуу жана алмашуу
Тажрыйба жайылтуу жана тажрыйба алмашуу багытында райондук, шаардык семинарларга катышуу. ТВ аркылуу көргөзүлүп жаткан сабактарга ,”Жыл мугалимине” катышкан алдыңкы мугалимдердин сабактарынан тажрыйба алып, байма-бай маалымат топтоп туруу. Мектеп ичинде диспуд, тегерек стол , таймаш сабактарды байма-бай өткөрүү. Паралелль класстарда таймаш сабактарды өткөрүп туруу. Мектептеги алдыңкы мугалимдердин сабактарына катышып туруу. Теле радио , гезит журналдардан бай маалымат топтоо. Райондук жана шаардык семинарларды өткөрүү жана катышып туруу.
5-а, 7-г класс. Класс жетекчиси : Бердикулова Асель Турсунбековна
Мониторингдер
№21 ЖОББ мектебинин педогогика-психологиялык темасы:
Окуу- тарбия процессинде заманбап технологияларды жана улуттук педогогиканы пайдалануу менен окуучуларды компеттентүүлүккө тарбиялоо.
Дистанттык окуутууда даярдалган видеосабактар:
Кыргыз адабият
5-класстар
Тема:»Мидин Алыбаев»
Кыргыз тили
5-класстар
Тема: «Синоним.Омоним.Антоним»
Кыргыз тили
5-класс
Тема: Суйунбай Эралиев «Жамгыр ыры»